Иракта 15-январда болгон бир нече жардыруудан 73 адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Багдад шаарында 9 автоунаа жарылып, 37 адам мерт болду. Жардыруулар ар кайсы райондо болгон жана полиция Багдадда дагы 4 жардырууну алдын ала токтотууга мүмкүнчүлүк болгонун айтышкан.
Мосул шаарындагы теракттан 13 адам каза тапса, алардын 9у аскер адамдары болгон. Ошондой эле Мукадия шаарында кирпич чыгаруучу заводдун 7 кызматкери атылган.
Мындан сырткары Дияла провинциясында “Сахва” кыймылынын лидерлеринин бирин жерге берүү зыйнатындагы жардыруудан 16 адам каза таап, 20 адам жаракат алган. “Сахва” кыймылы “Аль-Каида” сыяктуу радикал уюмдарга каршы күрөшүп келген.
2013-жылы Ирактагы диний жана саясий багыттагы жардыруулардан 6 000ден ашуун адам набыт болгон.