
Өлкө аймагында кечээ, 8-сентябрда 20 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 21 күжүрмөн эсеп тартылды.
ӨКМ тараткан билдирүүдө Бишкек шаарында 4, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 3, Нарын облусунда 1, Баткенде 1 өрт кырсыгы болгону айтылат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.