Биз социалдык тармакта

WhatsApp’тын мурдагы коопсуздук башчысы Meta компаниясын сотко берди

АКШда WhatsApp мессенжеринин коопсуздук боюнча мурдагы башчысы Аттауллах Байг Meta компаниясына доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу New York Times гезити жазды.

Маалыматка ылайык, ал компанияны колдонуучулардын маалыматтарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрбөй койгон деп айыптады.

Байгдын айтымында, миңдеген кызматкерлер колдонуучулардын жеке маалыматтарына кире алышат, ал эми компания күн сайын жүз миңден ашык аккаунтка жасалган киберчабуулдарга каршы жетиштүү күрөшпөйт. Ал бул көйгөйлөр тууралуу жетекчиликке, анын ичинде CEO Марк Цукербергге билдиргенин, бирок февралда жумуштан мыйзамсыз бошотулганын белгиледи.

Meta өкүлү бул айыптоолорду четке кагып, Байгды "төмөн көрсөткүчтөрү үчүн иштен алынган" деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан