Кечээ, 15-январь күнү саат 15:20лар чамасында Нарын шаарынын Мазар-Булак аймагындагы коктунун ичинен аккан булакка муз тоңуп, анын суусу унаа жолуна жана турак үйлөргө коркунуч келтирген.
Окуя болгон жерге ӨКМнын Нарын шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар муздарды чагып, туз сээп, суунун нугун өз багытына бурушкан. Учурда турак үйлөрдү жана короо-жайларды суу каптап кетүү коркунучу жоюлду. Бул туурасында аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.