Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата 4-10-августта Москва шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн IV аскердик спорттук оюндарында байгелүү орундарды багынткан аскер кызматкерлерин кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада ал жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен аскерлерге өкүлчүлүктүн Ардак грамоталарын тапшырды.
• 52870 аскер бөлүгүнүн 2-атайын дайындалган тобунун командиринин орун басары, улук лейтенант Кубатбек Талантбеков жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи;
• 35524 аскер бөлүгүнүн танкка каршы взводунун командиринин орун басары, сержант Алишер уулу Кубанычбек АК-3 (Калашников автоматы) боюнча ок атууда 3-орунду алды;
• 12545 аскер бөлүгүнүн командири, подполковник Улан Казаков үч түрлүү офицердик мелдеште 4-орунду ээледи;
• 01003 аскер бөлүгүнүн дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин (Газпром спорт залы) башчысы, подполковник Мирлан Жолдошев мелдешке машыктыруучу катары активдүү катышты.