Биз социалдык тармакта

ЕБнын Орусияга кайрылуусу: "Согуш талаасын таштап, сүйлөшүүлөргө отуруңуздар"

Европа Биримдигинин Тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас Орусияны Украинадагы согушту токтотуп, сүйлөшүү столуна отурууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Орусия бул согушту утпай турганын түшүнүшү керек. Согуш талаасын таштап, Украина менен сүйлөшүүлөрдү баштоо зарыл", — деди Каллас.

Ал Батыш өлкөлөрү Украинага 169 миллиард евро жардам көрсөткөнүн, анын 63 миллиард евросу аскердик колдоо экенин белгиледи. Бул жылы кошумча 25 миллиард евро бөлүнөт.

Кая Каллас Путиндин акыркы күндөрү Батышка түз коркутууларын Европа коопсуздугуна чоң коркунуч катары баалап, Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүүдө Батыш биримдикте экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан