Биз социалдык тармакта

Пакистанда селден улам 122 миң адам эвакуацияланды

Пакистандын Пенжаб провинциясынын чыгышында селден улам акыркы 24 саатта 122 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Пенжаб кырсыктарды башкаруу агенттигинин башкы директору Ирфан Али Катия билдирди.

Катия селден улам өткөн айдан бери Пенжабда 2,2 миллион адам жер которгонун жана 3 миң 900дөн ашуун айыл суу астында калганын айтты. Ошондой эле, өткөн айдан бери селден кеминде 61 адам каза болду.

Эске салсак, Пакистандын Улуттук кырсыктарды башкаруу органы 26-июнда башталган муссон жамгырларынан улам каза болгондордун саны 910го жеткенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан