Биз социалдык тармакта

Ошто Төлөйкөн айылында спорт зал ачылды (фото)

Бүгүн, 9-сентябрда Ош шаарындагы Төлөйкөн айылында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, айыл эли жана спортчулар катышты.
Ушул жылдын июль айында башталган курулуш иши 2 ай ичинде аяктап, пайдаланууга берилди. Жалпы аянты 540 чарчы метрди түзөт.
Эскерте кетсек, бул спорт залды Жеңишбек Токторбаев рейд учурунда көрүп, тез арада капиталдык ремонттон өткөрүүнү тапшырган. Каралбай калган аянтча калаа башчысынын тапшырмасына ылайык заманбап шартта курулду. Ошондой эле ажатканасы да оңдолду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан