Президенттер Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев Толстой атындагы тынчтык сыйлыгы менен сыйланышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
"Экинчи эл аралык Лев Толстой атындагы тынчтык сыйлыгынын лауреаттары болуп Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев аталды",- деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи улуу жазуучу жана философ Лев Толстойдун туулган күнүндө Москва шаарында болуп өттү.
Сыйлыктын уюштуруу комитетинин маалыматына караганда, үч өлкөнүн башчылары бул ардактуу сыйлыкка Борбор Азия регионунда тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн татыктуу болушкан.