Өзбекстандын Кеңеш палатасында жарандарды сүрөткө тартууга жана алардын сүрөттөрүн уруксаты жок колдонууга тыюу салган мыйзам долбоору каралууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Маалымат-коммуникациялык чөйрөнүн ылдам өнүгүшү шартында кээ бир учурларда жеке адамдардын сүрөттөрүн колдонууга болгон укук чектелип калышы мүмкүн, анткени аны ишке ашыруунун натыйжалуу механизмдери жок", — деп жазылган парламенттин билдирүүсүндө.
Мыйзам долбооруна уруксат алуу зарыл эмес болгон учурлар да киргизилет. Документте ошондой эле сүрөттү эмгек мамилелеринде колдонууга байланыштуу жоболор каралат.