Биз социалдык тармакта

Жапаров Израилдин Доха шаарына жасаган ракеталык чабуулдарын айыптады

Президент Садыр Жапаров 9-сентябрда Катар мамлекетинин Доха шаарында болгон ракеталык чабуулдарды айыптады. Бул тууралуу Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Алагөзовдун билдирүүсүндө, бул аракеттер эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын принциптерин бузат, ошондой эле Катардын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө зыян келтирет.

Эске салсак, бүгүн, 9-сентябрда Катардын борбору Дохада бир нече жарылуу угулду. Axios басылмасынын маалыматына ылайык, бул Израилдин ХАМАС өкүлдөрүнө багытталган соккусу болгон.

Израилдин коргонуу армиясы Х социалдык тармагында билдирүү жасап, аймакты так атабаса да, 7-октябрдагы Израилге болгон чабуулдар үчүн түз жооптуу болгон ХАМАС жетекчилигине сокку урулганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан