Бишкекте 16 жаштагы Данияр Канатов дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал август айынын башында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы ачык түстө.
Кийген кийимдери: кара футболка, ачык түстөгү жынсы, ак кроссовка.
Өспүрүм тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0 (312) 35-29-47, 35-12-70.