Төртүнчү кабаттан боюн таштаган кыздын абалы оор. Бул туурасында Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 14-январына караган түнү Ош шаарынын Кулатов кичи районунда болгон. Анда 23 жаштагы кызды тааныштарынын бири үйүнө чакырып, эки жолу зордуктаган. Үчүнчү жолу зордуктоого аракет жасалганда, кыз терезеден секирип кеткен. Учурда жабырлануучу ооруканада.
Бул кылмышка шектүүнү милиция кызматкерлери дароо кармашкан. Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.