УКМКнын 9-кызматынын кызматкери сумо күрөшү боюнча эл аралык мелдеште биринчи орунду алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда атайын кызмат билдирди.
4-12-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXIV эл аралык Ысык-Көл спартакиадасы “Азия – шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы” урааны астында өттү.
Анда 115 килограмм салмакта УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Даниел Темирбеков сумо күрөшү боюнча Өзбекстан, Орусиядан жана Кытайдан келген күчтүү атаандаштарын утуп, 1-орунду ээледи.