Непалдын каржы министри Бишну Прасад демонстранттар тарабынан ур-токмокко алынганын чет элдик басылмалар жазышты.
Ал тургай аны суу кечирип, ур-токмокко алышкан видео тарап жатат. Анын алдында интернет желесинде министрди көчөдө сабашканы тартылган видео тараган эле.
Непалда массалык нааразычылык акциялары 8-сентябрда бийлик бир катар ири социалдык тармактарга тыюу салуу чечимин кабыл алгандан кийин башталган. Өкмөткө каршы демонстрацияларда 19 адам өлүп, 500дөй киши жарадар болгон. Бир катар өкмөттүк имараттар өрттөлдү.
Непалдын премьер-министри 9-сентябрда кызматтан кетти.