ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Казакстан парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулинди Казакстандын Эгемендик күнү менен куттуктады

ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Казакстандын Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулинге Казак Республикасынын Эгемендик күнү менен куттуктоо катын жөнөттү. Куттуктоо катынын мазмуну төмөндөгүдөй: "Урматтуу Нурлан Зайруллаевич! КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан сизди жана Мажилистин бардык депутаттарын улуттук майрамыңыздар – Казакстан Республикасынын Эгемендик күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргызстандын эли боордош Казакстандын жетишкен зор ийгиликтерине суктануу жана кубануу менен көз салууда. Мындай жетишкендиктерге жетишүүгө казак элинин эмгекчилдиги жана жетекчиликтин акылгөйлүгү гана мүмкүнчүлүк түзүп берди. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы ишенимдүү жана өз ара пайдалуу мамилелер чыңдалып баратканын өзгөчө канааттануу менен белгилеп кетким келет. Биздин мамлекеттердеги туруктуулуктун жана гүлдөп-өсүүнүн ачкычы өз ара тыгыз кызматташууда жана бири-бирибизди колдоодо. Биздин парламенттер Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы биримдик байланыштардын чыңдалышына ар тараптан көмөк көрсөтүп, шарт түзүп бериши зарыл деп эсептейм. Сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерде ийгиликтерди, ал эми боордош казак калкына тынчтык жана бакубат турмуш каалайм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан