Бүгүн, 10-сентябрда таңкы рейддик кыдырууда шаар мэри Жеңишбек Токторбаев Касымбеков көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатып, Барсбек кагандын эстелиги жайгаштырылуучу жерди көрсөттү.
Аталган жай Раззаков көчөсү менен кесилишкен бөлүгүнөн тарта Кара-Суу районунун аймагына чейинки жаңы жашыл аймакта болот. Ал жерге эстелик менен катар эс алуу багы курулат.
"Май куюучу жайды сүрдүрүп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 метр жер калтырып, чоң эс алуучу жай кылалы. Бул жерге Кулатовдогу Барсбек кагандын эстелигин сонун кылып коёбуз. Эс алуучу жай кылып, кагандын атын берип коёбуз",- деди мэр.
Калаа башчысы шаардык архитектура башкармалыгына эскиз даярдоону тапшырды.