
ӨКМдин билдирүүсүнө ылайык, өлкө аймагында соңку суткада 24 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 28 күжүрмөн эсеп тартылды.
Бишкек шаарында 4, Ош облусунда 7, Чүй облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1, Нарында 1, Баткенде 1 өрт кырсыгы болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт коопсуздугун камсыздоого чакырат.