Биз социалдык тармакта

Лионель Месси УЕФАнын расмий сайтынын колдонуучулары тарабынан түзүлгөн командага кирбей калды

Аргентина курама командасынын жана каталондук “Барселона” футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси УЕФАнын расмий сайтынын колдонуучулары тарабынан түзүлгөн 2013-жылдын символикалык курама командасына кирбей калды. Бул тууралуу бүгүн, УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Маалым болгондой, добуш берүүгө 6 миллиондон ашык колдонуучу катышкан. Тизмеге жакында гана ФИФАнын версиясы боюнча 2013-жылдагы “Мыкты футболчу” наамын алган Криштиану Роналду карьерасында 8-ирет кирип, рекорд койду. Символикалык курамда каталондук “Барселонанын” бир дагы футболчусун кезиктирүү мүмкүн эмес. Курам төмөнкүчө:

Дарбазачы: Мануэль Нойер (Германия курама командасынын жана “Бавариянын” дарбазачысы).

Коргоочулар: Серхио Рамос (Испания, “Реал”), Тьяго Силва (Бразилия, ПСЖ), Филипп Лам (Германия, “Бавария”), Давид Алаба (Австрия, “Бавария”).

Жарым коргоочулар: Франк Рибери (Франция, “Бавария”), Марко Ройс (Германия, “Боруссия”), Месут Өзил (Германия, “Арсенал”), Гарет Бэйл (Уэльс, “Реал”).

Чабуулчулар: Криштиану Роналду (Португалия, “Реал”), Златан Ибрагимович (Швеция, ПСЖ).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
REAL7
2014-01-16 12:00:04
Рональдо красавчик а мессиге чала.
0
Supataev.Salamat
2014-01-16 12:11:59
Балакет команда тузулсода БАРСЕЛОНАГА жетпейт!
0
Warsaw
2014-01-16 13:29:37
Месси бул месси керек болсо азыркы 2013-жылдын мыктысы К.Роналду дагы убагында Месси чындыгында менден кыйын футболисть деп чындыка баш ийген.
+1
Kozer
2014-01-16 14:27:54
Warsaw, А азыркы учурда кимге ким баш ийип турат?:-Албетте Роналдого ал дуйнонун мыктысы и быйылда мыкты болот буюрса.
0
abdi91
2014-01-16 18:05:07
ранолдо гений 3- 4 жылдан бери алтын топту бербейт фифа жетекчилери ранолданы баары еле коро албайт красавчиксинда ранолдо серавно ранолдода реал бекерден ставкасын которуп жаны контрак туздубу жакшы ойногону учун да
0
oksana.abdilmanapova
2014-01-16 22:29:20
2014 жылга ФИФА Луис Суарести,Серхио Агуерону тандаса жакшы болмок...жакшы оюн корсотуп жатышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан