Орусиянын Приморск крайы боюнча тергөө комитети 15 жаштагы өспүрүм мектепте каза болгондугу үчүн кылмыш ишин козгоду.
Каргашалуу окуя 9-сентябрда Чугуевка айылындагы мектепте болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, бала эч кандай оору тууралуу айткан эмес. Анын өлүмү күтүүсүздөн, бир нече мүнөттүн ичинде болгон. Ал класста партасында отурган жеринен каза болуп калган.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, өлүмдүн себеби азырынча тактала элек.