Бүгүн, 10-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бакытбек Марипов өкмөт орус номурлуу унааларды каттоонун баасын кайра караштырып чыгышы керектигин айтты.
"Орусия номурундагы унааларды кыргыз номуруна 1-октябрга чейин өткөрүп бүтүш керек экен. Кыймылдаткыч күчү 2 куб болгон унааларды каттоо 50 миң сом, андан жогоркулардыкы 100 миңден жогору сумма болуп жатыптыр. Карапайым эл бул сумманы көтөрө албайт",- деди ал.