Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача Кайыңды – Май – Босого унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жумуштар министрликке караштуу №20 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Учурда 43-45-чакырымдар аралыгында 750 метр жерге асфальт басылды.
Белгилей кетсек, быйыл жай айларында жогоруда аталган жолдун 2 чакырым (14–16- чакырымдар аралыгы) тилкесине асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген.