Биз социалдык тармакта

Ошто мамлекеттик кызматкерлер 17 миң сом пара алганы үчүн кармалышты

Ош шаарында аймактык башкармалыктын жетекчиси кызматкери менен пара алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, пара алган мамлекеттик кызматкерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, 2024-жылдын ноябрь айынын аягында Жибек-Жолу аймактык башкармалыгынын башчысы М.М. жана жер адиси З.М. арыздануучунун соода дүкөнүнүн буздурбоо үчүн документтерди жасап берүүнү көздөп 17 миң сом акча каражатын алышкан.
Учурда алар кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан