Бишкек шаарындагы Свердлов районунун курамына кирген Лебединовка айылынын Биримдик-Кут жаңы конушунда жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Курулуш иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин көзөмөлү алдында, Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке ашырылат.
Долбоор боюнча мектеп 750 окуучуга ылайыкташтырылып, үч кабаттуу окуу корпусунан жана эки блоктон турат. Курулуш иштери 2026-жылы башталат. Объекттин жалпы аянты — 8 705,16 чарчы метр.
Бүгүнкү күндө мектепке тиешелүү долбоорлоо-сметалык документтери толугу менен даярдалган.
Белгилей кетсек, бул мектеп Биримдик-Кут конушунун гана эмес, ага жакын жайгашкан Айкөл конушунун да окуучуларын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.