Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмдин апасына 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады.
Шаар башкармалыгы Айзирек, Айтунук жана Айназик Муратовалар 3-класста окушарын белгиледи. Буга чейин кыздардын таенеси мэрге жолугуп, жагдайын түшүндүргөн. Жеңишбек Токторбаев кыздарга кең келечек каалап, тез күндө жаңы батирине жайгаштыруу тапшырмасын берген.