Бүгүн, 10-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирди.
"Эл оозунда Жалал-Абад деген аталыштын келип чыгышы тууралуу варианттар айтылып келет. Жалал-Абад деген сөздүн этимологиясын да тилчилер талдап келгенбиз. Абад деген перс тилинен алынган сөз. Ал "калк жашаган жер" деген маанини берет. Бирок тарыхый материалдарда Жалал-Абад деп аталып калышы тууралуу эч кандай маалымат жок",- деди ал.