Бишкектеги Курулуш көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу 10-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы Көлмө конушунун Курулуш көчөсүнө Мидин көчөсүнөн Жаштык көчөсүнө чейин асфальт-бетон аралашмасын төшөп баштады.
Жолдордун жана тротуарлардын капиталдык курулушунун алкагында ишкананын техникасы жана кызматкерлеринин аракети менен иш жүргүзүлүүдө. Бардык даярдык этаптары бүтүрүлүп, учурда жаңы асфальт төшөлүүдө.