Бүгүн, 10-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.
Талкуу учурунда депутат Мирлан Самыйкожо Манас деген аталыш берилген соң шаар тургундарында чоң жоопкерчилик болушу керектигин айтты.
"Мен жалал-абаддык туугандарыбызды куттуктайм. Бирок бүгүн кандай кубанып жатышса, эртең андан да 10 эсе чоң жоопкерчилик болуп жатканын сезишет деп ойлойм. Анткени Манастын сойкулары, жемкорлору, зөөкүрлөрү деген маалыматтар чыкпашы керек. Ошол шаарда мыйзам бузгандар дээрлик жок болуп, үлгүлүү болушу керек. Манастын атына сөз кетип калбасын",- деди ал.