"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директору Азамат Сакиев алдын ала эскертпестен барып филиалдардын чарбалык иштерин текшерип чыкты.
Ишкана бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин иш шарттары, иш бөлмөлөрдүн абалы, чарбалык иштерди жүргүзүүнүн тартиптери текшерүүгө алынганын белгилеп, видео жарыялады. Андан жетекчи бир катар кемчиликтер үчүн кызматкерлерди тилдеп жатканын угууга болот.