Бүгүн, 10-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.
Талкууда Дастан Бекешев калаа тургундарын шаардын атын өзгөртүүнү өздөрү сунуштап жатышат деген маалымат айтылып жаткан соң Жалал-Абаддын аталышын өзгөртүүнү колдой турганын билдирип, "Таластагы Манастын күмбөзү көчүрүлөбү?" деп суроо салды.
"Таластагы Манас атабыздын күмбөзү эмне болот? Ал Манас шаарында болобу, жылдырабызбы?"- деди ал.
Эл өкүлдөрүн мыйзам долбоору менен тааныштырган Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев аталган күмбөз көчүрүлбөстүгүн айтып жооп берди.