АКШнын президенти Дональд Трамп 23 жаштагы украин качкыны Ирина Заруцкаяны өлтүргөн адамга өлүм жазасын берүү керектигин билдирди.
Трамп Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө: "Америкага тынчтык жана коопсуздук издөө үчүн келген сулуу жаш кызды мындай мыкаачылык менен өлтүргөн жаныбар... болгону өлүм жазасына тартылышы керек", — деп жазды.
Ал мындан башка чечим болбошу керектигин кошумчалады.
Ирина Заруцкая Түндүк Каролина штатындагы жеңил темир жол вагонунда өлтүрүлгөн. Анын сөөгү 22-августта Шарлотт шаарындагы Саут-Энд станциясынан табылган. Видеожазууда качкын кызга эч себепсиз артынан бычак менен кол салганы көрүнөт.
Ал эми кылмышка айыпталып 34 жаштагы Декларос Браун аттуу жаран кармалган. Ал 2011-жылдан бери 14 жолу камакка алынган.