Биз социалдык тармакта

Германияда Израилге курал-жарак жеткирүүнү толугу менен токтотуу сунушталды

Германиялык саясатчы Сара Вагенкнехт Германия өкмөтүн Израил армиясынын Катарга жасаган аба соккусун айыптоого жана Тель-Авивге курал-жарак жеткирүүгө толук тыюу салууга чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бул аскердик соккудан кийин Германия өкмөтү курал-жарак жеткирүүнү токтотушу керек", — деди Вагенкнехт.

Ошондой эле ал Германия Палестинаны эгемендүү мамлекет катары таанышы зарыл экенин белгиледи.

Эске салсак, 9-сентябрда Израил Катардагы Доха шаарына ракета менен сокку урган. Расмий маалыматтарга ылайык, чабуул учурунда ХАМАС кыймылынын саясий кеңешинин мүчөлөрү жашаган турак жайлар жабыркаган.

Ал эми Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси өлкө ХАМАС жетекчилерине каршы операция жүргүзгөнүн жана ага жоопкер экенин ырастап, бирок Катарды ачык атаган эмес. Ошондой эле Катардын премьер-министри Мухаммед бен Абдель Рахман бен Жасим Аль Тани Доха Израилге жооп кайтарууга укуктуу экенин жана өзүнүн эгемендүүлүгүн бузууга жол бербей турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан