Бүгүн, 11-сентябрдагы таңкы рейдди Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Навои эс алуу багында өткөрдү. Анда Ак-Буура дарыясынын корук аймагына курулуп калган курулуштарды тазалоо иштерин көрүп чыкты.
Мэрия жалпысынан парктагы 11 имарат бузулуп жатканын билдирди. Алардын айрымдарынын ээлери мамлекеттик жана коомдук ишмерлер.
Калаа башчысы түрттүрүлүп жаткан имарттарды текшерип жатып мурунку Жогорку Кеңештин депутаты, азыркы Германиядагы Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаевдин имараты да буздурулганын белгилеп өттү. Тийиштүү кызматтарга ишемби күнү толук тазалап кетүү тапшырмасын берип, ал жерде ишембилик өткөрүлө тургандыгын эскертти.