Бишкек шаарынын тургуну О.Алтынбек арыз менен милиция бөлүмүнө кайрылган. Анда арыз ээси 2013-жылдын апрель айында Жаш Гвардия-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен Кубат аттуу балага бир окуу жайдан экинчи окуу жайга которулууга жардам берүүсү үчүн 23 000 сом бергендиги жазылган. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы кабарларды.
Маалыматка ылайык, Кубат аттуу жигит О.Алтынбекти Каракол шаарындагы университеттен Бишкек шаарындагы Евразиялык университетине которуп берем деп 23000 сом акчасын алып, качып жүргөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун Маевка айылынын тургуну К.Кубат кармалып, тергөө бөлүмүнө тапшырылды. Тергөө убагында К.Кубаттын мындай кылмыштардын дагы 4 фактысына тиешелүү экендиги аныкталды.