Вашингтондогу Ак үйдүн айланасында консервативдүү блогер жана активист Чарли Киркке болгон кол салуудан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу The Washington Post жазды
Маалыматка ылайык, айрым көчөлөрдө кыймыл чектелди.
Эске салсак, кечээ, 10-сентябрда Юта штатындагы университетте өткөн иш-чарада Кирк ок атуудан каза тапты. Президент Дональд Трамп анын өлүмүн тастыктап, өлкө боюнча мамлекеттик желектерди 14-сентябрга чейин түшүрүүнү буйруду.
Чарли Кирк 2012-жылы негизделген "Turning Point USA" уюмунун негиздөөчүсү жана Трамптын жакын колдоочусу катары белгилүү болгон.