Биз социалдык тармакта

Чүйдөгү "Жантай" мал союлуучу жайы жабылды

Санитардык нормаларга жооп бербегендигине жана жарандардын көп сандаган нааразычылыктарына байланыштуу "Жантай" мал союлуучу жайынын иши токтотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул чечим комиссиянын протоколунун негизинде кабыл алынды.

Мындан тышкары, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана мал сатуу шарттарын бирдиктүү стандарттарга алып келүү максатында жаңы ири базар курулуп, анын ишке кириши менен шаар аймагындагы бардык мал базарлары жабылды.

Бул чаралар санитардык-ветеринардык коопсуздукту жогорулатууга, мал союу жана сатуу процессинде бирдиктүү талаптарды киргизүүгө, ошондой эле жарандардын ден соолугун коргоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан