Орусиянын Камчатка аймагындагы Петропавловск-Камчатский шаарына жакын жерде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусия Илимдер академиясынын Геофизика кызматына таянып билдирди.
Жер титирөөнүн очогу шаардан түштүк-чыгышты көздөй 210 чакырым алыстыкта, 14 чакырым тереңдикте жайгашкан. Жергиликтүү тургундар силкинүүнү ачык сезишкен.
Расмий маалымат боюнча, цунами коркунучу жок. Өзгөчө кырдаалдар кызматтары кырдаалды көзөмөлгө алып, керектүү иштерди жүргүзүп жатышат.