УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча Казакстандын жараны Камалутин Халиковго издөө жарыялады.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, издөөгө алынган жаран Караганды облусунун бокс федерациясынын президенти, Казакстанда УКТ түзгөндүгү үчүн соттолуп, Кыргызстанга контрабандалык товарларды алып өтүү менен алектенген.
Халиков Көлбаевдин оор жана өзгөчө оор кылмыштарына карабай, биргелешкен бизнес долбоорлорун жүргүзүү үчүн Кыргызстанда байланыш түзгөн. Ысык-Көлдөгү "Барс" эс алуу борборунда маркум кримтөбөл менен жолугушкан.
Чогултулган материалдардын негизинде Халиковго карата Октябрь райондук соту сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгарды.