Биз социалдык тармакта

Индия АКШга карызын азайтып, алтын запасын көбөйттү

Индия өзүнүн резервдерин кайра карап, АКШнын мамлекеттик облигацияларын азайтып, алтынын 39,2 тоннага көбөйттү. Бул акциялардын жалпы көлөмү 227 миллиард долларга, ал эми алтын запасы 880 миң тоннага жетти. Бул туууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, бул кадам өлкөгө өзүнүн акча запастарынын туруктуулугун жогорулатууга жардам берет. Экономисттер муну дүйнөдөгү саясий жана экономикалык тобокелчиликтерден коргонуу катары баалашууда.

Бул тенденция дүйнөдө кеңири тараган: Орусия, Кытай жана Индия долларга көз каранды болбоо үчүн резервдерин диверсификациялап, алтынга жана башка активдерге көңүл бурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан