Биз социалдык тармакта

ЖКККББ кызматкерлери ок атуу боюнча практикалык машыгуудан өтүштү

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкерлери ок атуу куралдарын колдонуу, кесиптик чеберчиликти арттыруу жана күжүрмөн даярдыкты бекемдөө максатында практикалык окуу машыгуу сабактарынан өтүштү. Бул тууралуу аталган башкармалык билдирди.
Иш-чаранын алкагында ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Жоробеков кызматкерлерге саптык кароо өткөрүп, алардын кызматтык формаларынын талаптарга шайкештигин, күжүрмөн даярдыгын, колдонуудагы күч каражаттарын жана моралдык-психикалык абалын текшерди.
Ошондой эле ал кызматкерлерди өлкөнүн ички коопсуздугун сактоодо мекенчилдик менен ак кызмат кылууга чакырды.
Машыгуу соңунда бийик тоолуу аймакка 15 чакырымдык аскердик жөө жүрүш уюштурулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан