Бүгүн, 11-сентябрда Ош облусунун Алай районундагы Курманжан датка тарыхый-этнографиялык музейинде Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине арналган “Шырдак” көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Иш-чарага Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатиев, облус башчысы Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана расмий коноктор катышып, улуттук кол өнөрчүлүктүн мурасы болгон шырдактар менен таанышышты.
Көргөзмөнүн негизги максаты – кыргыз элинин байыркы салттуу кол өнөрчүлүгүн даңазалоо жана кийинки муундарга жеткирүү. Шырдак жасоо өнөрү кыргыздын турмушундагы маанилүү маданий мурас катары эсептелет.