Сүлүктүдө бир катар көчөлөргө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди
Сүлүктү шаарындаМарипов жана Деканов атындагы көчөлөрдө жүргүзүлгөн жол оңдоо иштери аяктап, жаңы асфальт төшөлүп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Жолдун сапаты жана аткарылган иштер менен жеринен таанышуу үчүн Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров жана шаардык кеңештин төрагасы Бактыбек Абдуназаров чыгып кабар алды.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шаар тургундары үчүн жол инфраструктурасын жакшыртуу мындан ары да улантыларын белгилешти.