Мексиканын борбору Мехико шаарындагы газ ташуучу унаанын жарылышынан улам үч адам каза болуп, дагы 70 киши жаракат алды.
Чет элдик басылмаларга шаар мэри Клара Бруга билдиргендей, жаракат алгандардын ичинен 19 адамдын денеси экинчи жана үчүнчү даражадагы оор күйүктөргө дуушар болгон.
Унаада 49 миң литрден ашык суюлтулган газ бар болчу. Автоунаа оодарылып кетип, газ чыгып, жайыла баштаган. Андан кийин жарылуудан өрт чыкан. Жол кырсыгынан айдоочу аман калып, оор абалда ооруканага жеткирилди.
Социалдык тармактарда тараган видеолордо жарылуу толкуну коңшу унааларды каптап, жалын эстакаданын экинчи деңгээлине чейин көтөрүлгөнү байкалат. Өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, 28ден ашык унаа жана мотоцикл жабыркаган.