Биз социалдык тармакта

Чүйдөгү Маевка айыл аймагында мыйзамсыз курулуштарга каршы рейд жүргүзүлдү

Чүйдөгү Маевка айыл аймагында мыйзамсыз курулуштарга каршы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Биринчи Май районуна караштуу Маевка айыл аймагынын 396-контур аймагында өтүп, мыйзам бузуу менен салынган турак жайларды аныктоо жана тазалоо максатын көздөдү.
Рейд Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактар аралык башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен түзүлгөн комиссиянын катышуусунда жүргүзүлдү.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгында мыйзамсыз курулган 40 кожолуктун ичинен 17 турак жайдын пайдубалы буздурулду. Ал эми калган курулуштар боюнча жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын көпчүлүгү мыйзам талаптарын түшүнүү менен кабыл алып, өз ыктыяры менен бузуу жана жерди калыбына келтирүү тууралуу милдеттенме жазып беришти.
Чүйдөгү Маевка айыл аймагында мыйзамсыз курулуштарга каршы рейд жүргүзүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан