
Агартуу министрлиги мектеп жетекчилерине жана ата-энелерге кайрылып, мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынганын эскертти.
Мекеме белгилегендей, талапты бузган адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
"Бала бакчалардын, мектептердин кызматкерлери, ата-энелер, коомдук фонддордун жана башка уюмдардын жетекчилери, ошондой эле башка адамдар тарабынан ар кандай мыйзамсыз акча чогултууга жана мажбурлап каражат алууга катуу тыюу салынарын белгилейбиз", - деп айтылат маалыматта.
Эгерде мындай фактылар аныкталса, ата-энелер жана окуучулардын мыйзамдуу өкүлдөрү дароо тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууга милдеттүү.