Биз социалдык тармакта

Кечиккен министрдин убадасы... Нарындагы көпүрөнүн курулушу аяктап калганы маалымдалды (видео)

Нарын районундагы Эки-Нарын айлынын башка айылдар менен байланыштырып турган көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирип, жеринде жүрүп жаткан иштер тартылган видеону жарыялады.

Эске салсак, 16-августа транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Эки-Нарын айылынын тургундары менен болгон жолугушууда көпүрө 21 күндө толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилерин айткан. Министрдин убадасынан бери 26 күн өттү.

Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору жана коңшу айылдар менен байланыштырып турган көпүрө 13-августта Нарын дарыясына кулаганы белгилүү болгон. Кырсык жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда болгон. Айдоочунун сөөгү 15-августта табылган.

Жергиликтүү тургундар көпүрөнүн урашына өз убагында чара көрбөй келди деген жүйө менен жергиликтүү бийликти айыптап келет.

Нарындагы көпүрөнүн курулушу аятап калганы айтоо алдында турат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан