
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Жасалма интеллект доорундагы Казакстан: актуалдуу милдеттер жана аларды санариптик трансформация аркылуу чечүү” аттуу кайрылуусунда жумшак күч катары кеңири санариптештирүүнү мамлекеттин негизги приоритети катары белгиледи. Ошондой эле, ал парламенттик реформаны коомдук талкууга чыгарууну сунуштап, өлкөнү бир палаталуу парламенттик системага өткөрүү маселесин көтөрдү.
Казакстан толук кандуу санарип өлкө болууга умтулат
Токаев алдыдагы үч жыл ичинде Казакстанды толук кандуу санариптик өлкөгө айландыруу максатын койду. Бул үчүн төмөнкү чаралар сунушталды:
Жаңы инвестициялык цикл жана санариптик экономика
Президент жаңы инвестициялык циклди баштоо тапшырмасын берип, капиталды кайра иштетүү өнөр жайына жана жогорку технологияларга багыттоону сунуштады.
Каржы жана технология боюнча маанилүү демилгелер:
Индустриализация жана энергетика
Токаев кайрылуусунда индустриализация жана энергетика маселелерине өзүнчө көңүл бурду:
Президент геологиялык чалгындоону санариптештирүү жана ресурстарды башкарууда жасалма интеллектти кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи.
Агрардык сектор: акчадан натыйжа керек
Казакстандын айыл чарба тармагына 1 триллион теңге көлөмүндөгү рекорддук каржылоого карабастан, каржаттын натыйжалуу колдонулушу негизги приоритет болот. Токаев акимдерге 2026-жылдын ортосуна чейин кайтарылган айыл чарба жерлеринин бардыгын жүгүртүүгө киргизүүнү тапшырды.
Ошондой эле жер ресурстарынын бирдиктүү санариптик картасын түзүү, спутниктен мониторинг жүргүзүүнү кеңейтүү пландалууда.
Транспорт жана логистика
Президент 2025-жылы "Достык–Мойынты" темир жол линиясынын курулушу аяктаарын билдирди жана ири долбоорлорду улантууну тапшырды. Октябрь айынын аягына чейин Smart Cargo аттуу санариптик системакиргзилет. Бул кадам бизнес үчүн инфраструктурага жетүүнү жеңилдетет жана бажы менен логистиканы бириктирет.
Токаев кайрылуусунун соңунда бир палаталуу парламентке өтүү боюнча коомдук талкууну баштоону сунуштады. Анын айтымында, бул маселе 2027-жылы жалпы элдик референдумда чечилиши керек.