Индонезиянын Бали аралында жана Чыгыш Нуса-Тенгара провинциясында 8-сентябрдан бери жааган катуу жамгыр сел жана жер көчкүнү жаратып, 20 киши каза болду, дагы 6 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Улуттук Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин маалыматына ылайык, ташкындаган дарыялар Бали аралындагы 9 шаарды жана районду каптап, кеминде 120 айыл суу астында калган. Көп жерлерде жер көчкү болгон.
Суулар тартылгандан кийин куткаруучулар, полиция жана аскерлерден турган 600гө жакын кызматкер дайынсыз адамдарды табуу үчүн издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатат.
Агенттиктин башчысы Сухарьянто Бали аралында сел коркунучу азайганын билдирип, жүздөгөн үй жана дүкөндөр суу астында калганын айтты.