Биз социалдык тармакта

Бишкектеги жаңыланган Айтматов көчөсүнө жер үстүнөн өтмөктөрдү салуу каралып жатканы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн Абсамат Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бир дагы жөө өтмөктүн жоктугуна эл нааразы болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-сентябрдагы парламенттин жыйынында билдирди.

"Эми ошол жерди карасаңар тургундар гүлдөрдөн бери тебелеп өтүп жатат. Элге ыңгайлуулукту түзбөйсүңөрбү? Азыр ары жагынан бери жагына өтүш үчүн 2,5 чакырым жөө айланып басып келиш керек",- деди эл өкүлү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү аталган көчөгө жер үстүнөн өтмөктөрдү куруу каралып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан