Биз социалдык тармакта

Дүйнөлүк атактуу кинематографисттер Израилдин кино жааты менен кызматташуудан баш тартышты

Палестина элине каршы геноцид саясатына катышкан деп эсептелген Израилдин киноструктуралары менен иштешпөө тууралуу орток кайрылууга 4 миңден ашык адам кол койду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, кайрылууга Оскар, BAFTA, Эмми жана Канн сыйлыктарынын ээси болгон актёрлор жана режиссёрлор, ошондой эле операторлор, монтажчылар жана кино адистери катышкан. Алар аталган мекемелердин иш-чараларына катышпоого жана тасмаларын көрсөтпөөгө убада беришкен.

Документте дүйнө коомчулугун Палестина элине каршы зомбулукка жана расизмге каршы үн чыгарып, укук жана адилеттикти коргоого чакыруу камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан